У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ооруканада орун жок. Ошто пневмония менен ооруган балдардын саны өсүүдө


 Ош облусунда пневмония оорусуна чалдыккан балдардын саны көбөйгөндүктөн медициналык мекемелерде керебеттер жетишсиз. Бул тууралуу 27-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Шаятбек Абдурахманов коллегияда билдирди.
 
Анын айтымында, бул көйгөйдөн улам медицина кызматкерлери менен калктын ортосунда түшүнбөстүктөр көп болууда.
 
 «Бүгүнкү күндө балдар арасында пневмония менен ооругандардын саны өсүүдө. Биздин областтык балдар клиникалык ооруканасында пневмония менен ооруган 330 бала дарыланып жатат. Бул пневмония менен ооругандардын 70-75%ы балдар экенин көрсөтүп турат. Ошол эле учурда башка аймактарда  да пневмония менен ооругандардын саны өсүүдө. Мунун фонунда эл арасында түшүнбөстүктөр жаралууда. Ооруканалар ооруканага жаткыруу деӊгээли боюнча планды ашыра орундатышты, койкалар жетишсиз. Бул азыр эң негизги көйгөй», - деди Шаятбек Абдурахманов.
 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору кошумчалагандай, көпчүлүк ата-энелер балдарын үйдөн дарылап, баланын абалы начарлап кеткенде ооруканага кайрылышат. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл оор абалда ооруканага түшкөн балдардын саны өскөн.
 
Абдурахмановдун айтымында, балдардын ден соолугуна кайдыгер мамиле ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнө алып келет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter