У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дарыгер: "Азыр сасык тумоо жок, элдин баары коронавирус менен ооруп жатышат"


Тамагы ооруп, дене табы көтөрүлүп ооруп жаткнадардын саны өсүүдө. Муну көбү кадимки эле сасык тумоо деп түшүнүп жатышат. Бирок 
азыр эч кандай сасык тумоо жок, мунун баары коронавирус. Мындай пикирин кечээ, 25-июнда КТРКнын эфиринде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, оору жуктургандардын саны көбөйөт. Буга санитардык эрежелердин сакталбаганы себеп болуп жатат. «Учурдагы көрөткүч бул анализ алынгандар гана. Анализ тапшыра элек дагы канча адам бар? Телефондор бошобой, адамдар адистерге, ыкчам линияга чалып жатышат. Чыныгы сандар такыр башка. Дене табы жогору жарандар көчөдө сейилдеп, өздөрү дарыгерге барып, кичи автобуста башкаларга оору жугузганга жетишип жатат», - деди ал.

Азыр сасык тумоо, энтеровирустук инфекция жок. Мунун баары желдеткичтин таасири, жел тийип калды деп айтуунун кереги жок. Дене табынын жогорулашы — коронавирустун негизги белгиси. Бизде эч качан жайында сасык тумоо, курч респиратордук инфекция күчөгөн эмес. Өзүңүздү жана башкаларды алдабаңыз. Бүгүнкү күндө аз сандагы адамдар гана курч респиратордук инфекция жана сасык тумоо менен ооруп жатат, балким 1 пайыз. Калгандары коронавирус инфекциясы», - деди пульмонолог.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter