У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласка кыз ала качып бара жаткандар кармалды


2-ноябрда «Сосновка» постунан Таласка кыз ала качып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу жол кайгуул кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү саат 21:30да Чүй ОИИБнин жол кайгуул кызматынын жалпы өздүк курамына кечки саат сегиздер чамасында Аламүдүн районунун «Ала-Тоо» совхозунда эки жигит 2003-жылы туулган кызды күч колдонуп ала качып, белгисиз унаага отуруп, болжол менен Талас облусуна карай бет алганы тууралуу билдирүү түшкөн. «Перехват» планы киргизилгенден кийин инспекторлор «Сосновка» стационардык постунда нөөмөт учурунда Лексус үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын ичинде эки жаш жигит жана бир кыз болгон, алардан сурамжылоо жүргүзгөндө, кызды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качып баратышканы белгилүү болгон.
 
Учурда ала качкандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Жайыл районунун тергөө кызматына жеткирилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter