Турмуш куруу максатында 19 жаштагы кызды ала качкан жарандар кармалды
- 21.05.2021, 11:09,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте эки жигит 19 жаштагы кызды Таласка ала качып бара жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 22.00 чамасында борбор калаанын Октябрь районунда кыз уурдоо фактысы катталганы боюнча милиция кызматкерлерине кабар берилген. Анда эки жигит ызды унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкени айтылган.
"Сосновка" стационардык постунда саат 00.30 чамасында укук коргоо кызматкерлери Хонда Одиссей унаасын токтотушкан, анын ичинде эки жигит жана бир кыз болгон. Алар Бишкек шаарынан кызды ала качып, Талас облусуна алып кетүүгө аракет кылышкан. Кармалгандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн борбордун Октябрь районунун Ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.