У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Балтада айдоочулар иш таштады


  Бүгүн, 1- ноябрда Кара-Балта шаарында кичи автобустардын айдоочулары каттамга чыкпай, митингге чыгышты. Бул маалыматты Кара-Балта шаарынын мэриясынан   тастыктады.
 
Маалым болгондой, буга чейин шаардык кеңештин чечими менен жаңы тарифтер кабыл алынган. Ага ылайык, ички каттамдагы жол кире 13 сом. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, пенсионерлерге жана окуучуларга жол акы 7 сом болгон. Буга айдоочулар макул эмес. Алардын айтканы боюна бул жол акылар алардын чыгымын жаппайт. 
 
Коомдук транспорттун айдоочулары иш таштай турганын жергиликтүү бийликке 10 күн мурун эскертишкен.
 
«Автобазанын жетекчилиги шаардык кеңештин депутаттарына мектеп окуучулары жана пенсионерлер үчүн жол кире 10 сомдон, калганы 15 сомдон болгон жаңы тарифтерди бекитүүнү суранып, экинчи кат менен кайрылды»,-деп билдирди мэриядан.
 
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда митингчилер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп жатышат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы милиция кызматкерлери жеринде коомдук тартипти көзөмөлдөп жатканын билдирди.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter