У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Балтада 24 жаштагы жаран ур-токмоктон каза болду

 
22 -октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 12 -октябрда болгон. Ошол күнү 24 жаштагы Кара-Балтанын тургуну сабалып ооруканага түшкөн. Ал комага түшүп, 19 -октябрда каза болгон.
 
Бул факт КЖБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 138 -беренеси ("Денеге оор залал келтирүү") боюнча катталган.
 
Тергөөнүн версиясы боюнча, жигит тааныштары тарабынан сабалган. Чүй облусунун борбордук ички иштер башкармалыгынын жана Жайыл РИИБнин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн биринин изине түшүп, аны кармашкан. Ал 24 жаштагы А.И. экени белгилүү болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  Дагы бир шектүү 31 жаштагы Т.В.га издөө жарыяланган.
 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter