У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектеп кароолчусун тапанча менен коркуткандар кармалды


 Мектеп кароолчусун тапанча менен коркуткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 22 -октябрда билдирди.
 
Окуя 21 -октябрда түнкү саат он жарымда Панфилов районундагы мектептердин биринде болгон. Ошол күнү мектепке эки жигит келген. Кароолчу аларга беткап кийүү керектигин эскерткен, бирок алар кароолчуга агрессия көрсөтүшүп баштаган. Кароолчу алар менен урушуп кеткен, алардын бири жанынан тапанча алып чыгып, аны октоп, кароолчуну коркутуп, андан кийин машинага түшүп качып кетишкен. 
 
Бул факты КР Кылмыш -жаза кодексинин 266 -беренеси ("Бейбаштык") боюнча КЖБРине катталган.
 
Шектүүлөрдү кармоо үчүн милиция «Перехват» планын жарыялаган. Чүй облусунун Жол -кайгуул кызматынын инспекторлору алардын бирин изине түшүп, Аламүдүн районунан кармашкан. Экинчиси Чүй ОИИБнин жана Панфилов РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган.
 
Кармалгандар 2001 -жылы туулган А.З. жана 2003 -жылы туулган Н.Б. болуп чыкты. Шектүүлөрдүн бирөөнөн 15 огу бар газ-пневматикалык тапанча табылган.
 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter