У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окуучулар арасында оору күчөдү, мектептер онлайн окутууга өтөбү? Мэриянын жообу…

 
Балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу Бишкектеги мектептерди онлайн билим берүүгө өткөрүү маселеси азырынча көтөрүлө элек, деп билдирди Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде вице -мэр Виктория Мозгачева.
 
"Моюнга алуу керек, биз курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын көбөйгөнүн байкадык. Ал абдан жугуштуу, аба аркылуу тез эле жугат. Бала бакчаларда ооруган балдар көп. Коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу бар. Абал оор экенин түшүнүп турабыз, ошентсе да онлайн режимине өтүү жөнүндө эч кандай маселе жок, биз балдардын салттуу форматта билим алышы үчүн бардык чараларды көрөбүз», - деди Мозгачева.
 
Белгилей кетсек, октябрь айынан бери Бишкекте балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны көбөйгөн. Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги курч респиратордук вирустук инфекциялары жана жугуштуу пневмония менен ооруган балдар үчүн борбордо убактылуу стационар ачыла турганын билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter