У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1-февралда мектептер толук ачылабы? Мэриянын жообу…

 
Бишкек шаарындагы мектептер азырынча толугу менен ачылбайт.  Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева шаардык кеӊештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.
 
Ал айтканына караганда Бишкек шаарындагы мектептерде салттуу окууга кайтуу маселеси боюнча ата-энелер карама-каршы пикирде. «Ата-энелер түрдүү пикирде, айрымдар онлайн режиминде окутууну улантууну талап кылышса, башкалары мектептерди толугу менен ачкыла деп жатат. Эпидемиологдор менен сүйлөштүк, тилекке каршы, азыр биз мектептерди толук ача албайбыз.  Коңшу мамлекеттерди карап жатабыз, ал жакта ооругандар көп катталып, алар мектептерди жаап жатышат”, - деди Айжан Чыныбаева.
 
Ошондой эле ал мектепке баргандан кийин бешинчи класстын эки окуучусу коронавируска чалдыккандыгы аныкталганын, бирок ал кайсы мектептер экенин айтпай турганын билдирди. 
 
Депутаттын 1-февралдан баштап бала бакчалар ачылабы же жокпу деген суроосуна, «Биз азырынча бала бакчаларды ача албайбыз, мектептерди болсо дагы карап көрөбүз. Учурда алгачкы балдар ооруй башташты, андан тышкары суук болуп калды», - деп жооп берди башкы санитардык дарыгер Кубан Кундашев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter