Сузакта өпкөнүн сезгенүү оорусунан бир дарыгер каза тапты
- 05.04.2020, 13:28,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сузай аймактык ооруканасында психиатр болуп эмгектенген дарыгер каза тапты. Анын өлүмүнө өпкөнүн сезгенүүсү себеп болгону айтылууда.
Маалыматка ылайык, маркум кичи ажылыкка барып келген алгачкы жарандарды обсервацияга алып, көзөмөлдөгөн. Бирок алардын анализдери таза чыгып, илдетке чалдыкпагандары аныкталган.
«Дарыгердин өлүмүнө вирустун эч кандай тиешеси жок. Ал өпкөнүн сезгенүү оорусунан каза тапкан. Маркумдан анализдер алынды. Анын анализдери таза чыкты. Ал илдетке чалдыккан эмес»- дейт Саламаттыкты сактоо министрилигин кеӊешчиси Елена Баялинова.