У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто 22 жашар 3 жигит адам өлтүрүүгө шектелип кармалышты


Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБини басма сөз кызматынан кабарлашты.

"20-июнда саат 06:20 чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын даарыгеринен кабар берилген. Анда такси менен ооруканага 20-25 жаш чамасындагы белгисиз жарандын жансыз денеси жеткирилгени кабарланган.
Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүп, анда жаракаттар бар экени байкалган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында каза болгон жаран 1997-жылы туулган А.А. экени аныкталды. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза, ошондой эле алынган киймдердеги тактарды аныктоо максатында соттук-биологиялык, соттук-наркологиялык экспертизалар дайындалды.

Тергөө аракетеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1999-жылы туулган Э.Ы., 1999-жылы туулган Г.Э. жана А.Э. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты Кылмыштардын жанан жоруктардын бирдиктүү реестирине 130-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми кармалгандар алгачкы көрсөтмолөрүндө окуя тууралуу буларды билдиришкен.
"Шектүү Э.Ы. өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө мас абалда (Н.Исанов көчөсүндө) маркум менен себепсиз эле сөздөн-сөз чыгып уруша кеткендигин айтты. Уруш учурунда А.А`ны (каза болгон жаран) колу менен бетине урганын, эсин жоготуп жатып калганда, ага карата жасалма дем алдырып, бетине суу чачып жардам көрсөтүп, акырында такси аркылуу ооруканага жибергендигин билдирген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter