У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Сууда изи сууй электе адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды


Ош облусунун Кара-Суу районунда кылмыштын изи сууй электе адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 17:28де Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу шаарында орун алган "Оомат" базарында белгисиз жаран денесинен миздүү нерседен жараат алып, ооруканада өзүнө келбей каза болгондугу туралуу кабар келип түшкөн.
Бул факты боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"11-март күнү саат 17:00 чамаларында "Оомат" базарында жабырлануучуну миздүү нерсе менен мойнунун сол тарабына сайып, кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада ал денесинен алган жаракатынан улам Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон. Ал эми окуя болгон жерден табылган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелип 47 жаштагы кошуна мамлекеттин жараны кармалган.
Шектүү аталган базарда 7 жылдан бери маркум менен чогуу жүк жүктөп араба түртүп иштеп жүргөн. Маркум да кошуна мамлекеттен көчүп келип 5 жыл мурда Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын кабыл алган. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эки күн ичинде баш коргоо чарасы каралмакчы", - деп жазылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter