Бүгүн 95 адам вирус жуктуруп, 3 киши каза болду
- 16.09.2021, 09:59,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сутка ичинде 95 жаңы жугуштуу пневмония жана COVID-19 аныкталды, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Бишкекте -57, Ошто -2, Чүй облусунда- 23, Нарында -1, Ысык-Көлдө- 8, Жалал-Абадда -4 учур катталган. Ал эми каза болгондордун эки учур Бишкекте, бирөө Нарын облусунда катталган.
Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада 177 484 пневмония жана COVID-177 жугуштуу оорулары катталган. Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2,581 адам коронавирустан көз жумган.