
Кыргызстанда сутка ичинде 242 пневмония жана COVID-19 аныкталды, беш адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Бишкекте- 81, Ошто- 8, Чүйдө -71, Ошто- 12, Таласта -11, Нарында- 11, Ысык-Көлдө -24, Жалал-Абадда-- 9, Баткенде -15 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери, расмий маалыматка ылайык, республикада 173 428 жамааттык пневмония жана COVID-19 менен катталган.
Кыргызстанда суткасына дагы беш адам коронавирустан көз жумду. Төрт өлүм Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда катталган.
Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2473 адам коронавирустан көз жумган.