Беш жашар бала бассейнге чөгүп каза болду
- 07.09.2021, 12:16,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 5 жашар бала санаторийдеги бассейнге чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиршти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, кырсык К.Мамакеев атындагы санаторияда болгон. Бассейнге 2016 -жылы туулган А.А. атту 5 жаштагы бала түшүп кеткен. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барган, бирок туугандары баланы суудан алып чыгышкан.
Ал ооруканага жеткирилген, дарыгерлердин аракетине карабай бала чарчап калган.