Апаат вирус адам баласынын жашоосун түп тамырынан бери өзгөртүп, ойго келбеген кадамдарга барууга аргасыз кылдууда. Эгер азыр дүйнөнү бул көзгө көрүнбөгөн вирус каптабаганда жаркыраган жазда килейген мегаполистер, шаарлар, айылдар, эс алуу жайлары, деги койчу адам жүрчү бардык жайлар бош калбай, бөбөктөрдүн күлкүсү жаңырып, кыжылдаган эл кайдадыр шашкалактап, кумурскадай турмушун улантмак.
Тилекке каршы адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөндөй өзгөрүү болуп, эзели эл тыйылбаган жайлар ээнсиреп турат. Эгер дүйнөдө тынчтык болуп, бейпил турмуш өкүм сүрүп турганда азыр адамдар бири-бирине гүл сунуп, жүздөгөн майрамдар белгиленмек. Бирок быйыл жазгы майрамдар майрамдалбай, эл гүлгө эмес, тамакка акча сактап, дүйнөлүк экономика коркунучка кептелип турган чагы.
Мындан улам гүлдөрдүн мекени болгон Нидерландияда жазга деп өндүрүлгөн гүлдөр таштандыга ыргытылууда. Сүйүктүүлөргө, үлбүрөк айымдарга ардакталып сунулган гүлдөрдүн жерде тебеленип, тобу менен таштадыга ыргытылып жатканын көрүп зээниң кейибей койбойт. Нидерландиялыктар гүлдөрдү алгач тамак-ашка, азык-түлүккө, үйгө керектелүүчү буюмдарга, деги койчу бардыгына алмашышкан. Бирок өткөндөн калган миллиондогон гүлдөрдү таштандыга ыргытууга аргасыз болушууда. Бул күндөр да өтөөр, бейпил турмушка аман-эсен жетели дейли...