У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Урматтуу мекендештер! Нооруз майрамыңыздар кут болсун!


Урматтуу мекендештер! Жалпыңыздарды кирип келген Нооруз майрамы менен "Фабула Пресс" редакциясынын жалпы жамааты куттуктайбыз!

Дүйнө жүзүндөгү курч кырдаал ар бирибизди санааркатып, дүйнөбүздү дүрбөлөң кылып жаткан убагы. Мындан улам залкар акын Алыкул Осмоновдун 1942-жылдын жазына арналып жазылган 

"Эсимде бир жолу эмес, нечен ирет,
Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.
А быйыл күн жылыбайт, жер тегиз кар,
Шумдук ай, 
неге мынча жаз кечигет" деген ыры эрксизден эсиңе түшө калат тура. Жаркыраган жаз келип, тоо бооруна гүлдөр өсүп чыкканы менен, жаз менен кошо келген апааттын азабынан тоо боорундагы өскөн гүлдөрдү тере албай, жылдагыдай  ар бир үйдө очокко от жагылып, күлкү-шаң менен  сүмөлөк бышырылып, дасторконубузду дүйүм тамакка толтуруп тосуп алчу Нооруз майрамыбызды  адаттагыдай тосо албай, бүшүркөп турган чагыбыз... Ылайым жараткан жар болуп, дүйнө жүзүндө тынчтык, бейкуттук өкүм сүрүп, адамзаттын башына түшкөн оор сыноодон тез эле арылалы! Дасторконубуз жакшылыктарга  жайылып, ар бир үйдө наристе үнү жаңырсын! Ылайым элибизди кудай оору-сыркоодон, айттырбай келген кырсыктан, жамандыктан сактасын! Нооруз майрамыбыз кут болсун!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter