Кыргызстанда бир күндө 249 жаңы жугуштуу пневмония жана COVID-19 аныкталды, 6 киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында- 84, Ошто - 3, Чүйдө - 77, Ошто - 3, Таласта - 13, Нарында - 12, Ысык -Көлдө - 26, Жалал -Абадда - 15, Баткенде - 16 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери, расмий маалыматка ылайык, республикада 173 миң 186 жамааттык пневмония жана COVID-19 менен катталган.
Кыргызстанда суткасына дагы алты адам коронавирустан көз жумду. Төрт өлүм Бишкекте, экөө Чүй облусунда катталган.
Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2468 адам коронавирустан көз жумган.