У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияда жаӊы төрөлгөн кызын таштанды челегине таштап кеткен кыргызстандык келин кармалды

     
Тергөө комитети Москвада жаңы төрөлгөн кызын таштанды челегине ыргыткан келинди кармады. Бул тууралуу Москва прокуратурасынын телеграм -каналында маалымдалды.
 
Тергөө комитетинин башкы тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, наристени ыргытып жиберген аялдын өздүгү такталды. Ал 26 жаштагы Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Ал жаңы төрөлгөн кызын Москванын Хамовникидеги таштанды челегине таштап кеткен.
 
Ымыркайдын энеси тергөө бөлүмүнө жеткирилип, окуя иликтенет. 
 
Эске салсак, ишемби күнү төрөлгөнүнө бир күн болгон кызды куртка менен полиэтилен баштыкка оролгон таштанды челектен табышкан. Баланы дарыгерлер текшеришкен. Райондор аралык прокурордун орун басарынын милдетин аткаруучу Алексей Прохоров окуя болгон жерге келип, көзөмөл органы жагдайды көзөмөлгө алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter