У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москвада жаңы төрөлгөн баласын оюн аянтчасына таштап кеткен эне кармалды


 Москванын түндүк-чыгышындагы оюн аянтчасында жаӊы төрөлгөн ымыркайын отургучка таштап кеткен эне кармалды. Бул тууралуу шаардык прокуратуранын Telegram каналында маалымдалды.
 
Маалыматка ылайык, 13-августта Ярославское шоссесиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочусу оюн аянтчасындагы отургучтан жаңы төрөлгөн наристени таап алган. Ал дароо укук коргоо органдарына билдирген. Алар баланы  балдар ооруканасына алып келишкен. Дарыгерлер баланын дени сак экенин, анын жарык дүйнөгө келгенине эки -беш күн гана болгонун айтышкан.
 
«Жаңы төрөлгөн баланы короого таштап кеткен аялдын өздүгү жана жашаган дареги такталды. Ал 26 жаштагы Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, таштап кеткен наристе анын уулу. Азыр ал милиция бөлүмүнө жеткирилди ", - деп айтылат билдирүүдө.
 
Акыркы жумада бул кыргыз аялдарынын жаңы төрөлгөн ымыркайларын таштаган Россиядагы экинчи учур.
 
Буга чейин Тергөө комитетинин Мамлекеттик тергөө комитети Хамовникидеги жаңы төрөлгөн кызын таштанды челегине ыргытып жиберген дагы бир Кыргызстандын жараны кармалгандыгы тууралуу маалымат берген. 




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter