Караколдо төрөт учурунда каза болгон 18 жаштагы келиндин өлүмүмүн себеби айтылды
- 06.08.2021, 20:19,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында төрөт учурунда каза болгон 18 жаштагыкелиндин өлүмүнүн себеби айтылды. Ал кан көп кетип каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка ылайык, келин көз жаргандан кийин кан кетип, дарыгерлер протоколго ылайык дарылашкан. Маркумга кан куюлган. Бирок 2,5 сааттан кийин кайра кан кетүү кайталанып, аны токтотуу үчүн операция жасалган. Тилекке каршы, кан кетүү кайра дагы кайталанып, келинди сактап кала алышкан эмес.