Кытайда коронавирус кайрадан жайылууда, 7 адам каза болду…
- 03.04.2020, 11:56,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн бир суткада Кытайда 1600 киши коронавирусту жуктурду. Бул жагдай Кытай коронавиурусту жеӊдик деген аз күндүк тыныгуудан соӊ кайрадан жанданды.
Бул боюнча Украинанын башкы санитардык врачы Виктор Ляшко онлайн-брифингде билдирди. Ал өз сөзүндө: «Тилекке каршы, өткөн бир сутка ичинде Кытайда 1600 киши коронавируска чалдыкты. Жетөө каза болду. Ага чейин Кытай илдетти жеӊдик дешкен», - деп айтканын Украинанын delo.ua сайты жазды.
Акыркы жумада Кытайда 500 кинотеатр ачылып, метро, ишканалар иштеп баштаган.