Кыргызстанда сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталды
- 10.07.2021, 13:35,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 21 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында -2, Чүй облусунда - 9, Ысык-Көл облусунда - 4, Баткен облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 2, Ош шаарында өрт кырсыгы катталды. облусу - 1 өрт, Талас облусунда - 1 өрт кырсыгы катталды.
Свердлов районунун Абдыкадыров жана Раменский көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 3 чарчы метрди түзгөн куураган чөп күйүп кеткен.
Октябрь районунун 5-кичи районундагы Шопен көчөсүндө ачык аянтта куураган чөп күйүп кетти.
Аламүдүн районунун Ак-Жар турак-жай конушунун 21-көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда аянты 10 чарчы метрди түзгөн көмүрдүн калдыктары күйүп кетти.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.