У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөн районунда октон жаракат алып каза болгондордун бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон


 
Өзгөн районунда өлтүрүлгөндөрдүн бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери эки адамды өлтүрүүгө шектүүлөр колдонуп жүргөн унаа жана ок атуучу куралдарды табышкан. Дөң-Булак айыл аймагынын аймагынан көк түстөгү Honda Fit унаасы табылган, анын салонунан 12 калибрдеги мергенчилик мылтык, эки каптама жана бир патрон табылган.
 
Эскерте кетсек, Өзгөн районунда октон жаракат алып эки адам каза болгон. Бүгүн 03.35те аймактык ооруканадан милицияга октон жаракат алган эки бейтап жөнүндө билдирүү түшкөндүгү такталды. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter