У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө эс алуучу жайда тапанча менен жүргөн жаран кармалды

     
Бает айылында жайгашкан Ысык-Көл районунун пансионаттарынын биринде милиция кызматкерлери 49 жаштагы эс алуучуну кармашты. Ал эс алуучу жайдын аймагында тапанча менен жүргөн. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
«4-июлда ыкчам кызматкерлерге пансионаттардын биринде 45-50 жаштагы эркек киши мыйзамсыз ок атуучу куралды көтөрүп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал Чүй облусунун Лебединовка айылынын 49 жаштагы тургуну Л.Х. болуп чыкты. Анын жанынан алты ок менен Тульский Токарев тапанчасы табылган. Анын бөлмөсүнө тинтүү жүргүзгөн учурда дагы бир тапанча 10 огу менен табылган», - деп билдиришти ИИМден.
 
Мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалып, тергөө иштери башталды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter