Коронавирус менен ооруп жаткан 201 адамдын абалы өтө оор
- 27.07.2021, 10:33,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 17 миң 207 адам коронавирусту дарылап жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
13 миң 272 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда 3 миң 935 дарыланууда. Алардын ичинен 201 адам өтө оор, 988 адамдын абалы оор деп бааланууда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 2 миң 558 адам (же 65,1 пайыз) - орто оор абалда болсо, 50 бейтап канааттандырарлык абалда.