12-июлда 1330 адам вирус жуктуруп, 11 киши көз жумду
- 12.07.2021, 10:48,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
12-июлдун таңына карата Кыргызстанда COVID-19 оорусунун 1330 жаңы учурлары аныкталды, 11 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев өкмөттүк брифингде билдирди.
Алардан:
- Бишкек - 890;
- Чүй облусу - 116;
- Баткен облусу - 110;
- Жалал-Абад облусу - 71;
- Ысык-Көл облусу - 46;
- Ош облусу - 41;
- Нарын облусу - 23;
- Ош - 18;
- Талас облусу - 15.
Бардык убакытта 140 978 коронавирус учуру аныкталды.
Акыркы бир суткада 11 адам коронавирустан каза болду. Бишкекте алты, Чүй облусунда эки, Ош, Талас жана Жалал-Абад облустарында бир адам каза болгон.