У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүйнөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны миллионго жакындады

Коронавирус илдети боюнча мониторинг жүргүзүп жаткан Джон Хопкинс университетинин статистикасына таянсак, дүйнөдө 937 170 адам вирус жуктуруп, 47235 адам каза болуп, 193 700 киши айыккан.  Акыркы бир суткада эле илдетке чалдыккандардын саны 80 миӊ адамга өскөн. 
 
АКШда акыркы үч күндүн ичинде коронавирустан өлгөндөр эки эсе көбөйүп, жалпы саны 4 800гө жакындады. Учурда Америкада 216 515 адам вирус жуктуруп алганы аныкталды.  «Мен ар бир америкалык алдыдагы оор күндөргө даяр болушун каалайм. Алдыда бизди эң кыйын эки апта күтүп турат» - деп жакынкы эки апта оор болушу мүмкүн экенин өлкө президенти Дональд Трамп эскертти. 
 
Ал эми Италияда вирус жуктургандардын саны 110 574 адамга жетти. Каза болгондор 13 миӊден ашты. 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter