У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Италияда 8538 дарыгер коронавирус жуктуруп, 63ү каза болду

Италияда коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны 63кө жетти. Бул туурасында Италиядагы «FNOMCEО» дарыгерлер федерациясы билдиргенин  "Европейская правда" жазып чыкты. 

Жалпысынан 8538 дарыгер илдетке чалдыкса, анын 595 акыркы бир суткада вирус жуктуруп алган. Кече, 30- мартта 2 дарыгер илдеттен көз жумган. 
 
Джонса Хопкинс университетинин статисткасына таянсак, 31- мартка карата дүйнө жүзүндө вирусту 785 979 адам жуктуруп алган. Анын ичинен 37 810 адам каза тапкан.  165 889 адам айыккан. 
Вирус жуктургандар   Каза тапкандар 
АКШ – 164 274              3040 
Италия – 101 739           11 591 
Испания – 87 956           7716
Китай – 82 240              3309
Германия – 66 885          645
Франция – 45 170           3030
Иран – 41 495               2757
Британия – 22 454          1411
Швейцария – 15 922        359
Бельгия – 11 899            513
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter