Медицина кызматкерлери үчүн обсервация ачылууда…
- 02.07.2021, 12:08,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн 2-июлда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында Коргоо министрлигине «Семетей» мейманканасын медициналык кызматкерлерге обсервациялык аймак катары уюштуруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Медкызматкерлер үчүн обсервация ачууга акыркы учурларда дарыгердер арасында коронавирус илдетинин көп катталып жатканы себеп болду.
Бүгүн, 2-июлда 51 дарыгерден коронавирус аныкталды.