«Ганси» обсервациялык зонасынын жетекчилиги алмашты
- 20.07.2020, 18:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу мамлекет башчы премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаган онлайн-кеңешмеде өкмөт башчы билдирди.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Манас» эл аралык аэропортунун аймагындагы «Ганси» обсервациялык зонасынын ишинде өз деңгээлинде тартип сакталбай жаткандыгын айтты.
Премьер-министр Кубатбек Боронов, «Ганси» обсервациясындагы көзөмөл күчөтүлгөнүн, жакында аталган обсервациялык зонанын жетекчиси алмашылгандыгын билдирди.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда, премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Кеӊешмеде өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.