Москвада коронавирустан бир адам каза тапты
- 19.03.2020, 15:38,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, Москванын ооруканасында 79 жаштагы аял коронавирустан каза болду. Бул туурасында өлкөдөгү короновирустук кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча борбордук оперативдүү штабдан жергиликтүү басылмаларга билдирген.
«Каза болгон аял 13- мартта сыркоолоп ооруканага кайрылган. Бирок ал 14- мартта жакындарынын чечими менен жеке ооруканага дарыланууга кеткен. Эки күндөн кийин бейтаптын анализинен вирустун бар экендиги тастыкталып, Москвадагы №2- жугуштуу ооруларды дарылоо ооруканасына которулуп дарыланып баштаган. Бейтаптын эски оорулары абдан көп болгондугуна байланыштуу ал вирус менен күрөшө алган жок» -дейт штабдагылар.