У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта мас абалдагы УКМК кызматкерлери эс алуучуларды сабашкан


Таласта мас абалдагы УКМК кызматкерлери эс алуучуларды сабашкан. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 20-июнь күнү саат 20:00 чамасында Козучак аймагындагы Беш-Таш эс алуу жайында жергиликтүү тургундар жана Талас шаарынын УКМК кызматкерлери эс алышып, алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, УКМКнын кызматкерлери жергиликтүү тургундарды ур-токмокко алышкан.


Мушташ учурунда УКМКнын кызматкерлери травматикалык тапанчаларын алып чыгып, асманга ок чыгарышкан жана алардын бири тапанчасын жергиликтүү тургундардын биринин башына такап, андан кийин тапанчаны оозуна салып опузалаган. 


Окуя эс алуу аймагынын четинде болгон. Ур-токмоктун натыйжасында жергиликтүү эки тургун жаракат алышкан. Алардын бири ооруканага кайрылган. 


УКМК кызматкерлери арыз ээсин ооруканадан таап, коркутуп-үркүтүп, көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлашкан. Учурда ал Талас ОИИБде, УКМК кызматкерлери дагы бар аталган мекемеде экени айтылды.

Дагы бир жабырлануучу УКМКнын кызматкерлерине каршы көрсөтмө берүүдөн коркуп, жашырынып жүрөт.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter