У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдө мечитке курал менен кирип барып, намаз окуп жаткандары коркуткан адам кармалды


Чүй облусунда 63 жаштагы жаран мечитке кирип барып, намаз окуп жаткандарды тапача менен коркуткан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө 50 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда 15-июнь күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында аталган райондогу мечиттердин бирине бейтааныш бирөө кирип колундагы куралын арыз ээсине такап, аны коркутуп, мечиттин дубалын каратып эки ирет ок чыгарып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "ээнбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 63 жаштагы Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда кармалган жарандан травматикалык тапанча ок-дарылары менен алынган. Окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти облустук милициядан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter