Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө катталган 65 талапкер сынак тапшырып жатышат
- 21.06.2021, 12:58,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө катталган 65 талапкер сынак тапшырууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
"
Бүгүн, 21-июнда Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлер тавсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда китептеринен сынак тапшырышууда.Сынакка жалпысынан 65 талапкер катышып, биринчи бөлүгү жазуу түрүндө өткөрүлүүдө. Сынактын биринчи бөлүгүнөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер эртең, 22-июнда баарлашууга киришмекчи", - деп жазылат маалыматта.Эскерте кетсек, аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 65, Муфтияттын б
орбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийдин кызмат ордуна 9 талапкерлер катталган.