У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муфтийди шайлоо майдын аягына жылдырылды. Себеби...


Кечээ, 30-мартта Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылган. Бул чечим Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чукул жыйынында кабыл алынганын мекеме маалымат булактарына кабарлады.
Жыйындын жыйынтыгы менен 5-апрелге белгиленген муфтийди шайлоо толук эки айдан кийин 29-майда өтөт.

Курултайды жылдыруу себеби катары Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

"Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин кызмат ордуна Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин тыю салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин ЖОЖду бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү көп убакытты талап кылары, чагымчыл адамдардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузабыз деген сөздөрү Курултайды жылдырууга негиз болду.
Ошону менен катар айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болду. Бул иштерге тиешеси бар, мыйзамсыз аракеттерди жасаган жарандарга укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлмөкчү.
Мына ушул окуялардан улам чукул жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды жана Аалымдар кеңешинин айрым мүчөлөрү башка дубандарда жашагандыктан, жыйын онлайн өткөрүлдү".


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter