"Тоскоолдуктар жаралып"... Муфтийди шайлоо дагы узарышы мүмкүн болууда.
- 26.05.2021, 11:29,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Абдиманап Масалиев кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо мамлекеттик кызматкерлердин кийлигишүүсүнөн улам өтпөй калганын билдирди.
Ал түзүлгөн жагдайдан улам президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.
"25-май күнкү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо конкурсубуз айрым мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнүн түздөн-түз кийлигишүүсү менен өтпөй калды. Талапкерлер жети дубандан келишкен эле. Сынактар токтотулгандыктан айрым талапкерлер ушуну менен экинчи ирет убара болушту. Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер болгон 47 кишинин колу коюлган кайрылуусун жана өтүнүчтөрүн мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине көрсөткөнүбүзгө карабастан конкурс белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мындай абалда Кыргызстан мусулмандарынын 29-майдагы кезектеги Курултайын да өткөрө албай калуу ыктымалдыгы пайда болду. Мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү эпидкырдаалды жүйө келтиришүүдө", — деп жазылган кайрылууда.
Ошондой эле ал учурда муфтияттын жетекчилик курамы жана финансылык жагы кризистик абалда турганын белгилеген. КМДБнын 208 кызматкери төрт айдан бери айлыксыз иштеп жатканы айтылды.