Кыргызстанда коронавирус менен 3 миң 799 адам ооруп жатат, анын ичинен 492си оор абалда
- 24.05.2021, 11:39,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 3 799 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Амбулаториялык (үйдө) 2228 бейтап, ооруканаларда 1 миң 571 адам дарыланууда. Анын ичинде 81 адам өтө оор абалда, 411 адам оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 62 адам (же 67,6 пайыз) - орто оор деп бааланууда, 17 адамдын абалы канааттандырарлык.