У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түштүк Африкада коронавирустун жаңы мутациясы аныкталды


 
Түштүк Африканын генетиктери өлкө үчүн жаңы коронавирустук мутацияны табышты, бул оорунун жайылышы экинчи толкунунда байкалганын Мамлекеттик саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
 
501.V2 деп аталган вирустун бир варианты, мурун катталган мутацияларга караганда тезирээк тарайт. Мындан тышкары, Түштүк Африка Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 501.V2, биринчи толкунга салыштырмалуу, COVID-19 оорусунун жаштардын арасында сантитардык талаптарды сактабаган учурда өтө бат жайылуусуна алып келет.
 
Түштүк Африка Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Звели Мхизенин айтымында, коронавирустун жаңы түрү кандайдыр бир кооптонууну жаратып жаткандыгына карабастан, учурда калктын дүрбөлөңгө түшүүсүнө эч кандай негиз жок. Ал маска жана мээлей кийүү, ошондой эле коронавирус пандемиясынан улам киргизилген башка эрежелерди сактоо керектигин эске салды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter