Индияда мукормикоз инфекциясы жайылууда…
- 24.05.2021, 15:40,
- Башкы
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Индияда өлүмгө алып келген мукормикоз эпидемиясы күчөп, оору жуктуруп алгандардын саны тогуз миңге жакындап, 8800гө жетти. Би-Би-Си жаңылыктарына ылайык, инфекциядан каза болгондордун саны 50 пайызды түзөт. Айрым учурларда бейтаптардын көзүн алып салышууда.
Инфекциянын жарымынан көбү батыштагы Гуджарат жана Махараштра штаттарында катталган. Индиянын 29 штатында ооругандар көбөйгөндөн кийин, мукормикоз эпидемиясы жарыяланган. Грибоктук инфекция COVID-19 илдеттин дарылоодон улам пайда болууда. Дарыгерлердин айтымында, коронавирусту дарылоодо колдонулган стероиддерден улам аталган инфекция пайда болуп жатышы мүмкүн. Оору коронавирус айыккандан кийин 12-18 күндөн кийин аныкталат.
«Эгерде бейтаптарга өз убагында жана туура жардам көрсөтүлбөсө, анда өлүмдүн көрсөткүчү 94 пайызга чейин өсүшү мүмкүн. Дарылоонун баасы кымбат жана дары-дармек жетишсиз», - дейт Индородогу Махараджа Йешвантрао ооруканасынын дарыгери.
Ошондой эле ал ооруканага түшкөн бейтаптардын 80 пайызы операция жасоону талап кыларын кошумчалады.
Мукомикоздун очогу биринчи жолу Индиянын Гуджарат штатындагы дарыгерлер тарабынан 9-майда катталган. Бейтап коронавирус менен ооруп айыккандан кийин аталган инфекцияны жуктуруп алган. Иммунитети начар адамдар грибоктун курмандыгы болушат. Изилдөөлөргө ылайык, мукормикоз менен ооругандардын бардыгы диабет менен оорушкан. Мукормикоз илдети менен ооруган бейтаптардын биринде да кандагы канттын деңгээли нормалдуу болгон эмес.