Мындан ары Кыргызстанга Казакстан ун жибербейт
- 01.04.2020, 12:55,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 1-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 26-марттан баштап Казакстан Кыргызстанга ун жана буудай ташууга убактылуу чектөө койгонун маалымдады. Ошондой эле «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде да Кыргызстанга жүк ташып кирүүгө чектөө коюлганын кошумчалады. Мындай шартка байланыштуу Орусиядан 100 миң тонна буудай алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.