У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Беткап уурдап бара жаткандар колго түштү


Бүгүн, 13- мартта Кыргызстандан Казакстанга 95 600 даана беткапты мыйзамсыз  ташып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалды. 

Уурдап сатмакчы болгондор «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен колго түшүшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, VOLVO FM12 унаасын текшерүү учурунда  Кыргызстандын 1987- жылы туулган И. К. аттуу жаранынын
кургатылган жемиштердин астында 95 миң 600 даана беткап катып бара жатканы белгилүү болгон. Беткаптын жалпы суммасы 1 млн 400 миң сомду чапчыйт. 

Өкмөттүн 3-февралдагы № 57 токтомуна ылайык, Кыргызстандын аймагынан медициналык коргонуу жабдыктарын чыгарууга тыюу салынган. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter