У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Премьер-министр Абылгазиев: “Коронавирусту тартип менен жеңебиз»

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттөгү брифингде өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында өкмөт 800 миллион сомго буудай сатып алууну чечкенин билдирди. 

Анын 400 миллиону өлкө бюджетинен бөлүнсө, 200 миллион сомун РСК жана «Айыл банк» бөлмөкчү. Абылгазиевдин сөзүнө караганда, учурда өлкөнүн материалдык резервдер фондунда 60 миң тонна дан сакталып турат.

Премьер-министр буга чейин базарларда ун азыктарына сатып алуу боюнча дүрбөлөң пайда болгонун, ун азыктары 50% чейин кымбаттап кеткенин билдирди. Ал мындай кырдаал кызыл кулактык кылгандардын аракеттеринен улам болгонун маалымдап, мындай адамдар жазага тартыларын эскертти.

Буга байланыштуу өкмөт башчы бүгүндөн тартып ун, шекер баштаган 11 өнүмдүн баасын тескөө боюнча буйрук чыкканын кошумчалады. Ага ылайык, бул товарлардын баасы аныкталат жана андан жогору көтөрүлбөшү керек.

Ошондой эле,  “Биз бул ооруну(коронавирус) тартип менен жеңебиз, баардыгын саламаттыкты сактоо кызматкерлери айткандай жасап, эрежелерди карманышыбыз керек”,   -деген да оюн айтты. 

Мындан сырткары, акыркы күндөрү кошуна өлкөлөрүбүз Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктурган учур катталганына байланыштуу оору Кыргызстанга жакындаганын белгилеп: “Биз менен абдан көп катышы бар эки өлкөдө коронавирус катталды. Жүздөгөн, миңдеген адамдарыбыз күнүнө Өзбекстанга кирип чыгат. Өзбекстандын жарандары бизге, туугандарына келет. Негизги өнөктөшүбүз болгон Казакстандан да канчалаган транспорт каражаттары кирип чыгат, - деп маалымдады.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавируска байланыштуу акыркы эки күндө Кыргызстандын базарларында азык-түлүк сатып алууну каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу ун, шекер сыяктуу азык-түлүк кымбаттаганы байкалган.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter