Коргоо министрлиги Жапаров пайдубалына капсула салган бойдон кыймылдабай турган аскер шаарчасы тууралуу түшүндүрмө берди
- 11.06.2021, 16:45,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушу кечеңдеп жатканы боюнча Коргоо министрлигинен комментарий беришти.
Маалыматка ылайык, 9-июнда министрлер кабинетинин төрагасы
Улукбек Марипов даярдоо иш-чараларын аяктоо жана кыска аралыктын ичинде объектинин курулушун баштоо тапшырмасын берген.
"
Бүгүнкү күндө аскердик шаарчанын курулушунун алдындагы жер тилкесин трансформациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү жана укуктук тартипке келтирилген документтери алынды. Инженердик-геологиялык изилдөөлөр, топографиялык съёмкалар жыйынтыкталды. Ошондой эле архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттары кабыл алынды.Долбоордук-сметалык документтери даярдалууда.Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда генералдык подрядчикти (аткаруучуну) аныктоо иштери жүрүп жатат. Ошол себептүү курулуш иштери активдүү жүрбөй турат", - деп айтылат маалыматта.