Коронавирус менен ооруп жаткан 516 адам оор абалда
- 21.05.2021, 11:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 4 миң 10 адам коронавируска каршы дарыланышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Амбулаториялык (үй шартында) 2 миң 459 бейтап, ооруканаларда – 1551 адам дарыланууда. Алардын ичинен 76 адамдын абалы өтө оор, 440 адамдын абалы оор. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 29 адам (же 66,3 пайызы) - орто оор деп бааланып, алты адамдын абалы канааттандырарлык.