"Тез жардам унааларына жол бошотпогондорго айып пул салынат". Эртең Бишкекте рейд жүрөт
- 09.06.2021, 14:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Эртең, 10-июнда Бишкек шаарында айдоочуларга карата рейд өтөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейддин максаты - жаркыраган маякчалар жана атайын бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы унаанын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо. Мындан сырткары, айдоочуларга атайын бийик үн чыгаргычтары бар унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү эскертүү.
"Тез жардам", ыкчам кызматтар өңдүү атайын унааларга жол бошотпогон айдоочуларга бузуулар жөнүндө кодексинин тийиштүү беренелеринин негизинде айып пулдар салынарын эскертебиз", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.