У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош базарында жол жээгинде башаламан соода кылгандарга протокол түзүлдү


Башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, "Ош базарынын" айланасындагы Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, Кулиев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгындарын жаратып, унаа жүрүүчү жолдорго чейин чыгып кеткен мыйзамсыз башаламан соода-сатык кылган сатуучуларга карата түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүшкөн.

"Натыйжада бузуулар тууралуу кодексинин 120-беренеси "Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан соода точкаларын, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу" негизинде 6 протокол толтурулуп, 2-категориядагы айып пулдар салынды. Мындан сырткары туура эмес орун алган соода-сатык жерлер тазаланып алдырылды", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter