Бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын 13 шаарында мэр шайлоо өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-майдагы токтому менен Баткен, Жалал-Абад, Сүлүктү, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кербен, Шопоков, Кайыңды, Кемин жана Орловка шаарларынын башчыларын шайлоо 7-июнга белгиленген.
Шаар башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары сессия чакырып шайлайт.
Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган.
Бул үч ири шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.