У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Айдаркен сымап» комбинатына таандык жер мамлекетке кайтарылды


Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасы жалпы баасы 10 млн. 258 миң 715 сомдук 2,3 гектар жер тилке жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтарды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 99,98% акциясына мамлекет ээлик кылган мамлекеттин менчигинде болгон «Айдаркен сымап» акционердик коомунун 2,3 гектар жер тилкеси Айдаркен поселоктук өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-декабрындагы мыйзамсыз токтому аркылуу жеке менчикке чыгарылган.

2004-жылдын 12-мартында жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган. Райондук прокуратура жогорудагы токтом жана мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко кайрылган.
Бардык соттук инстанциялар бул документтерди жараксыз деген чечим чыгарган. Натыйжада быйыл, 25-февралда кыймылсыз мүлктөр «Айдаркен Сымап» акционердик коомунун менчигине кайтарылды.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter