Кечээтен бери 8 бейтап көз жумуп, 283 киши вирус жугузду
- 12.05.2021, 11:13,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өткөн суткада коронавирус 283 бейтаптан аныкталып, 289у айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:- Бишкек шаары – 158;
- Ош шаары – 14;
- Чүй облусу – 75;
- Талас облусу – 3;
- Нарын облусу – 10;
- Ысык-Көл облусу – 18;
- Жалал-Абад облусу – 5.
Ушуну менен оору илештиргендердин жалпы саны 99 316га жетти.
Айыккандар:- Бишкек шаары – 197;
- Ош шаары – 8;
- Чүй облусу – 52;
- Ош облусу – 5;
- Талас облусу – 5;
- Нарын облусу – 10;
- Ысык-Көл облусу – 5;
- Жалал-Абад облусу – 6;
- Баткен облусу – 1.
Жалпысынан 92 409 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус сегиз адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдө көз жумган. Жалпы жонунан 1 675 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Акыркы сутка ичинде 4 159 ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.